Күйөрмандар: "Бек Борбиев секелек, секелек деп жаш кыздардын жүрөгүн бат табат"
Бек Борбиев менен Сайкал Садыбакасова "Секелек" аттуу жаңы ыр жаздырып, клип чыгарды. Бул тууралуу ырчылар интернет баракчаларына чыгарып, күйөрмандарды ютуб каналынан көрсөнүздөр болот деп жазышты.
"Секелек, секелек деп жаш кыздар менен ырдап калыптыр Бек Борбиев, эми бир нерсенин ичинен чыкпаса экен"-деп ырчыга кабатыр болгон күйөрмандар ырдын пикир калтыруу бөлүмүнө өз ойлорун жазып калтырышты. Ал эми клип тууралуу айрымдары жакшы десе, кээ бири артында чыгыш бийин бийлеген жарым жылаңач кызды сындап чыгышты.
Эске салсак, Бек Борбиев менен Сайкал Садыбакасова мындан башка дагы дуэттерди аткарып жүрүшөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kjrmandar-bek-borbiev-sekelek-sekelek-dep-zhash-kyzdardyn-zhrgn-bat-tabat
Добавить комментарий ×