Күйөөлөргө кеңеш: Эң башкысы аялыңызга катынпоздукту билдирбеңиз

2 августа 2019 20:00 6221 Barometr
Поделиться в:
ok

Аял дайыма түгөйүнөн сүйүү, камкордук, мээрим күтөт. Сүйлөшкүсү, эркелегиси, өбүшкүсү келет. Эгер күйөөсү бул каалоосун этибар албаса таарынып, жылуулукту башкадан издей баштайт.

Күйөөгө кеңеш. "Аял кулагы менен сүйөт" дегенди унутпаңыз. Жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын сурап, сыйлап, колдоп туруңуз.

Жаңыга умтулуу

Көр тирлик, кайталанма турмуш аялды тажатып, жаңы нерсе издөөгө түртөт. Мындай учурда ар бир айым ар башкача кадам жасайт. Имиджин өзгөртөт, жер которууну сунуштайт же күйөөсүн алмаштырат.

Күйөөгө кеңеш. Аялыңызды алаксытыңыз. Дем алыш күндөрү конокко, эс алууга ээрчитип барып, белек-бечкек ыроолоп туруңуз.

Өч алуу

Кээ бир айымдар кекчил келет. Күйөөсү көзүнө чөп салса, оңой менен кечире албайт. Мүнөзү өзгөрүп, долуга айланат. Анан ыңгайлуу учур келгенде, өзү да ала жипти аттап, ишеничти актабаган "чыккынчыдан" өч алат.

Күйөөгө кеңеш. Ак никени бузбаңыз. Солго кетер алдында кыска мөөнөттүү кумар менен үй-бүлөлүк бакытты тең салмактап көрүңүз. Эң башкысы аялыңызга катынпоздукту билдирбеңиз...

Ссылка: https://barometr.kg/kjlrg-keesh-e-bashkysy-ayalyyzga-katynpozduktu-bildirbeiz



Добавить комментарий