Кипрде кыргызстандык жаш жигит терезеден кулады

27 мая 2018 00:30 1133 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын 27 жаштагы тургуну Садырбек Алымбеков Кипрдеги үйлөрдүн бириндеги терезеден кулап түштү. Бул тууралуу Haberkibris порталы жергиликтүү полициянын маалыматына таянып жарыялады.

Маалыматка караганда, окуя 24-майда саат 10:45те болгон. Терезеден кулаган Садырбек Алымбеков оор жаракаттарды алып, доктор Акчикиканын ооруканасына жеткирилген. Ал жерден жаш мекендешибизге тез жардам көрсөтүлүп, азыркы учурда ал Левкоше шаарындагы мамлекеттик ооруканада дарыланып жатат. Полиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуя тууралуу так маалымат расмий билдирүү чыккандан кийин жарыя болот.

Ссылка: https://barometr.kg/kiprde-kyrgyzstandyk-zhash-zhigit-terezeden-kulady



Добавить комментарий