Кимдер орозо кармай албайт жана кандай учурда ооз ачылып калат. Дарыгердин кеңеши

23 апреля 2020 15:23 3648 Barometr
Поделиться в:
ok

КРСУнун доценти, медицина илимдеринин кандидаты, кардиолог Абдимиталип Халматов кимдер орозо кармай аларын жана кимдерге болбой турганын медициналык жактан түшүндүрүп берди. 

Эске салсак, Кыргызстанда Орозо 24-апрелден тарта башталат. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков дагы өз куттуктоосун жолдоду.

Ал Орозо – бул диета сактоо же болбосо арыктоо үчүн медициналык сунуш эместигин белгиледи.

“Бул Исламдагы 5 парздын бири. Рамазан айы адам баласын сабырдуу жана мээримдүү кылуу менен бири-бирибизге болгон мамилени да чыӊдайт жана бизди көп дартка чалдыктырып жаткан стресстен да айыктырат. Орозо – бул тамак жактан гана чектелүү болуп калбай моралдык, руханий жактан бүтүндөй тазалануу да болуп саналат.  

Бүткүл жер жүзүндөгү мусулмандар бул айдын ыйыктыгын сезип Жаратканга жакын болуусун каалап бул айды Орозо кармоо жана ибадат кылуу менен өткөрүшөт. Булардын арасында өзүнүн оор абалына карабай, кээде биз дарыгерлер тыюу салганыбызга да кулак салбай көпчүлүк бейтаптарыбыз дагы  Орозо кармаганга аракет кылышат. Ошондуктан биз дарыгерлер Орозо айында өзүбүздүн карамагыбыздагы бейтаптарга камкордугубузду күчөтүүбүз зарыл.  Ооорулардын кайрылуусунда алардагы өнөкөт оруулардын (жүрɵк кан тамыр ооруулары, гипертония, андагы криз абалы, кант диабети, кан басымдын кескин тɵмɵндɵп кетүүсү, эсин жоготуу ж.б.) козголушундагы абалдарда тезинен жардам кɵргɵзүүгɵ даяр болуубуз керек.   

Оорулуу адамдардын кыйналып Орозо кармоосу өздөрүнүн абалын гана коркунучка салбай, андан тышкары алардын чоӊ күнөөгɵ батуусу Ыйык Куранда да, Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) хадистеринде да жана Ислам окумуштуулары жактан да айтылып келген.  

Ошондуктан Орозо кармоого ниет кылган бейтаптарга эскертип кетели. Орозонун алдынан албетте өзүңɵрдүн дарыгериңерге кайрылып текшерүүдөн өтүп, керектүү кеңештерди алып жана ичип жаткан дары-дармектерди да тактап, аларды кайсыл убакта, кандай дозада ичүүнү билип  алууңуз сунушталат. Эгерде Орозо кармаган адамдын абалы медициналык жардамга муктаж болсо анда бейтап тезинен орозону токтотуусу зарыл”, — деди ал.

Акыркы убактардагы изилдөөлөргө таянсак Рамазан айындагы бир айлык кармалган Орозо оранизмге эбегейсиз чоң пайда келтиргени аныкталууда. Аларга кыскача токтолобуз.  

• Организмге тамактардын убактынча жетишсиздиги жана клеткалардагы тамактын азайышы  алардын жашоосун узартууга өбөлгө түзүп, андагы клеткалардын ичиндеги аутофагия – жараксыз митохондриянын кайра жаңыланышына алып келет, эскирген клеткаларды болсо жаңы клеткалардын пайда болуусундагы курулуш материал катары колдонулат. Бул функция биринчи болуп митохондрияга бай болгон жүрөктүн клеткаларында катталып адамдын өмүрүн узартуугу зор шарт түзөт.   

• Адам баласы тамаксыз калганда 8 сааттан кийин гана кошумча тамакка муктаждыгы башталат. Эгерде аш-казанга тамак кирбесе, анда биринчи болуп организм канттын запасы болгон глюкогенди пайдаланат. Анын запасы организмде аз болгондуктан кийинки пайдалануучу заттар: май, жаңы башталып келе жаткан ар түрдүү патологиялык клеткалар (киста, операциядан калган жара, спайкалар, рак, ж.б. ушул сыяктуу илдеттерди) организм энергия катары колдонот. Бул болсо органдарды жашарышына алып келет.  • Орозо убагында белоктук арыктоо (белковые голодание) болбойт. Себеби организм өзүндөгү белокту 3-4 жума ачка жүргөн убакта гана пайдалана баштайт. Исламдагы Орозонун өзгөчөлүгү – бул ифтардан сухурга чейин этти жана андан даяр болгон тамактарга эч кандай чектөө жок.  

• Рамазан айдын келиши - бул организмдеги процесстердин калыбына келтүрүүнүн убагына туура келет экен. Себеби “биоритм”- толук калыбына келишине тоскоол болгон бир чоӊ фактор - тамак болуп эсептелет. Ошондуктан тамак сиңирүү функциясы убактынча токтогон убакта организм өзүн-өзү тезирээк толук калыбына келтирип алат. Орозо - организмдеги биоритмди машыктырат, ошону менен иммунитетти көтөрөт, адамды жашартууга да зор өбөлгө түзөт.   

• Аш-казанга эртеден кечке чейин тамак кирбеген соң организм тамак сиңирүү функциясын ордуна башка милдетти  б.а. денедеги бүткүл жаман илдеттерди чыгаруу, тазалоо функциясын ишке салат. Орозо убактысы 12-14саат – бул тамактын ооздон кирип жоон ичегиге жеткенге чейинки убакыт болуп эсептелеп, ушул убакыттын ичинде аш-казан, ичегилер толугу менен эс алат. Аш-казандагы кислотанын азайышынын натыйжасында андагы жара (язва) оорулурынын пайда болуу ыктымалы да азайат, а бар болгон жаранын тезинен  айыгып кетүүсүнɵ да зор шарт түзүлɵт.    

• Орозо убагында боордун тазалоо функциясы он эсеге көбөйүп организмдеги ууларды чыгуусун тездетет. Мындай мүмкүнчүлүккɵ бир дагы укол же таблеткалар  ээ болбойт.   

• Ороза кармаган 20-35 жаштагы аялдарда кандагы пролактин 80% га азайган! Ошондуктан окумуштуулар төрөгөн аялдарга орозону токтотуусун буюрган. Себеби бул гормон энедеги сүттү иштеп чыгаруу фунциясына ээ. Ал эми боюна бүтпɵй жүргөн жаш аялдарга болсо пролактиндин кандагы азайышы алардын балалуу болушуна зор мүмкүнчүлүк жаратат.   

• Кош-бойлуулук - бул медициналык оорууга кирбейт.  Бирок Пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) айткан: “Балалуу жана кош-бойлуу аялдар орозо кармабасын, себеби Аллах жаш-баланын же эненин ичиндеги наристени  кыйналышын каалабайт”.   

• Адамдын терисиндеги майда ооруулар (кожные заболевания) Орозо убагында организмдеги суюктуктун азайышынын натыйжасында айыгып кетүүсү жана ɵнɵкɵт тери ооруулардын жакшы жакка ɵзгɵрүүсү да далилденген.  

• Аллергия ооруулары орозо кармаган убакта кескин түрдө азаят, себеби аллерголог дарыгерлер да өздөрүнүн бейтаптардагы оорууну айыктыруу үчүн биринчи кезекте эле аларды катуу диетага олтургузушат.   

• Орозо өттөгү  жана  бөйрөктөгү таштардын пайда болуусун да кескин азайтат, себеби Орозо кармоо сийдиктеги кальцийдин азайышына, натрий менен калийдин көбөйүшүнө жакшы шарт түзүп берет.   

Орозону кармоодо акыркы убактарда медициналык эмдөөлөрдүн кайсыларына уруксат жана кайсыл эмдөөлөр Орозону ачып жиберет. Токтолуп өтөбүз.  

Орозо дурус боюнча калат (бузулбайт):   

• Медициналык эмдөө: теринин астына п/к, булчунга в/м  жана тамырга в/в жасалуучу уколдор;  

• Эмдөө (шприц) аркылуу анестезия жасоо;  

• Оорууну сездирбөө (анестезия, наркоз);  

• Дем кысылуусуна каршы оозго чачылуучу спрей (астма, бронхит пристубунда);  

• Тилдин астына салынуучу таблетка жана спрей (жүрɵк пристубу, стенокардия, инфаркт, давления); 

• Мурунга чачылуучу спрей (аллергияга каршы);  

• Артерия-кан тамырга катетер коюу;  

• Коронарография жана ангиография;  

• Компьютердик томографиянын бардык түрү (контрасттары менен дагы мүмкүн);  

• Эркектердин жыныстык мүчөсү аркылуу кирүүчү контраст, дарылар жана аны текшерүүчү жабдуулар: 

• Аялдын жыныстык мүчөсү аркылуу куюлуучу дарылар жана аны текшерүүчү жабдуулар;  

• Кулакка дары тамызуу (эгерде кулактын пардасында тешик болбогон болсо);  

• Теринин үстүнө сүйкөлүүчү май, крем жана дарылар; 

• Кан берүү (алдыруу), хижама жасатуу; 

• Анализ үчүн бейтаптан кан алуу.  

Орозо дурус болбойт (бузулат):   

• Медициналык эмдөө, эгерде ал дарылар адамдын алсыздыгын жакшыртууга байланыштуу болсо  (глюкозы, гормондор, витаминдер ж.б. ушул сыяктуулар);  

• Гастроскопия жана эндоскопиялык текшерүүлөр жана алар аркылуу дарыларды куюлушу;   

• Арткы ичеги жактан текшерүү жана алар аркылуу дарыларды куюлушу;  

• Артка свечаларды коюу (мисалы геморрой оорусунда);  

• Клизма жасатуу;     

• Гемодиализ;  

• Таблетка жана капсулаларды ичүү;   

• Кулакка дары тамызуу (эгерде кулактын пардасында тешик болгон болсо).   

Кандай бейтаптарга Орозо кармоо болбойт:  

• Инсулин алып жаткан (Iчи типтеги) абалы оор бейтаптар;  

• Канты  тезинен  түшүп же кескин кɵтɵрүлүп кетүүчү ооруулар; 

• Башка адамдын жардамына муктаж болгон оор абалдагы бейтаптар;  

• Жүрөк жетишсиздигине чалдыккан ооруулар (сердечная недостаточность); 

• Инфаркт жана инсультка чалдыккан оор абалдагы бейтаптар;  

• Оор абалдагы гипертония (кан басымы жогору болгон) ооруулар;   

• Боор жана бɵйрɵк жетишсиздигине чалдыккан бейтаптар (гемодиализ);  

• Бардык өнөкөт (хроник) ооруулардын кайталаныш (обострения) убагы;  

• Бардык инфекциялык (жугуштуу) ооруулар (Коронавирус да кирет);  

• Психикалык ооруулар;  

• Кош-бойлуу жана балалуу аялдар;  

• Жашы улуу өзүн-өзү камсыз кыла албагандар жана бойго жетпеген өспүрүмдөр.    

Рамазанда эмнеден сактануу зарыл:   

Орозо убагында чоң күч иштете турган жумуштарды азайтуу же жеӊилдетүү зарыл, машыктыруучу залдарды (футбол, волейбол, күрөш ж.б.,) токтотуу да сунушталат. Күндүн ысыган мезгилинде дене дем ала турган, пахтадан даярдалган ак же боз кийимдерди кийүү керек болот, баш-кийим -  албетте жеңил калпак же шапке кийип жүрүӊүздɵр. Күндүн ысык убагында абада сыртта азыраак болууга аракеттениңиздер, көпчүлүк убакта кондиционери бар бɵлмɵлɵрдɵ болуу зарыл. Бирок шамалдап ооруп калуудан сактануу үчүн кондиционердин түз тийип турган шамалынын астында көп убакытка олтурбаӊыздар. Сухурдан (саарлыктан) кийин кɵп тамак жебеген адамдар багымдаттан кийин бир аз уктап алуусу да орозону жеӊилдетет. Орозо убагында күндүзү саат 14.00дөн – 17.00ге чейинки аралыкта 40-60 минутага чейин уктап эс алуу да организмге чоӊ пайда келтирет.   

Рамазан айында кандай тамактануу керек?   

Орозо убагында мүмкүн болушунча тамактарды жөнөкөйлөтүүгө аракет кылыныздар. Тамак бул айда канчалык аз желсе организм үчүн да ошончо көп пайда болот. Кечке чейин ачка калган ашказанды ифтар убагында бир заматта толтуруп алуу да организмге терс таасирин тийгизет. Ифтарды суу жана 3 даана курма (финник) менен ачкан медицина жактан дагы, Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) сүннөтү боюнча да сунушталат. Себеби окумуштуулардын айтуусу бонча  курманын курамында 6065% чейинки организмге тез сиңүүчү кант (фруктоза) бар. Фруктозанын кадимки канттан айырмасы, ал кандагы кантты тезинен кɵтɵрүп жибербейт жана аш-казан тамак системасын толугу менен  иштей башташына шарт түзөт. Суу, айран, жаӊы жасалган компот жана көк чайды көбүрөөк ичүү сунушталат, себеби суюктуктун суткалык нормасы дени сак адамдар үчүн 2,5-3,0литрге чейин  болуусу зарыл, андан тышкары жер-жемиш, салаттардан да ифтар убагында кɵбүрɵɵк колдонуӊуздар. Орозодо суткасына бир жолу жакшы тамактануу зарыл. Сухурга (саарлыкка) жумуртка, майсыз эттерди, балык, тооктун этин, түрлүү кашаларды, буурчак, жаңгак, банан, сунушталат. Куурулган, майлуу жана туздуу тамактарды, кантты, ар түрдүү таттуу тамактарды (торт, пироженое ж.б.), минералдык сууларды,  колдонбоого аракет кылыӊыздар.

Ссылка: https://barometr.kg/kimder-orozo-karmaj-alat-zhana-kandaj-uchurda-ooz-achylyp-kalat-darygerdin-keeshi



Добавить комментарий