Ким Кардашьян менен Канье Уест 4-ирет ата-эне болушту

13 мая 2019 10:17 1667 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Дүйнөгө белгилүү модель Ким Кардашьян менен жолдошу Канье Уест 4-ирет ата-эне болушту. Бул тууралуу Ким өзүнүн твиттер баракчасында жарыялады. Алардын уулун суррогат эне төрөп берди.

Тележылдыз жыл башында үй-бүлөсүндө дагы толуктоо болоору тууралуу өзу байкабай бирөөлөргө айтып алганын кийинчерээк моюндаган.

Ал буга чейин да көп балалуу чоң үй-бүлөлүү болгусу келээрин айтып келген жана өткөн жылдын жай айларында 4-ирет балалуу болоорун айткан.

Ким Кардашьян менен жолдошу Канье Уест расмий түрдө 2014-жылы никеге турганына карабай алардын туң кызы Норт 2013-жылы төрөлгөн. 2 жарым жылдан кийин 2-уулу Сейнт дүйнөгө келген. Бирок ал төрөлгөндөн кийин дарыгерлер Кимге төрөөгөгө тыйуу салышкан.

Көп балалуу болгусу келген жубайлар үчүн бул да чек боло алган эмес. Анткени алар жалданма эне жалдап 3-кызын төрөтүп аны Чикаго деп аташкан. Ал эми төртүнчү уулуна кандай ысым ыйгарганы азырынча белгисиз.

Ссылка: https://barometr.kg/kim-kardashyan-menen-kane-uest-4-iret-ata-ene-bolushtu



Добавить комментарий