Кикбоксинг боюнча Түркияда өткөн эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчулар 4 медаль жеңишти

13 апреля 2021 12:16 2676 Barometr
Поделиться в:
ok

Анталияда өткөн кикбоксинг боюнча мелдеште кыргызстандык спортчулар үч алтын, бир коло медаль утушту. Бул тууралуу мамагенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"8-11-апрель күндөрү Анталия шаарында (Түркия) өткөн «Turkish Open Kickboxing European Cup» 6 эл аралык мелдеште Кыргызстандын кикбоксинг боюнча спортчулары 4 медаль (3 алтын, 1 коло) жеңишти.

Мелдештин алтын медалын Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Авазбек Аманбеков (60 кг), Дүйнө Кубогунун ээси Рустам Ибрагимов (63,5 кг) жана юниорлор арасында 51 кг чейинки салмактык категорияда Марат Мусаев тагынышты. Ал эми коло байгенин ээси болуп Ахрор Розбаев таанылды.

Белгилей кетсек, мелдешке 20 өлкөнүн күчтүү спортчулары катышышты",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kikboksing-boyuncha-sportchular-trkiyada-tkn-el-aralyk-meldeshte-4-medal-zheishti



Добавить комментарий