Кикбоксер Дастан Шаршеев өспүрүмдөргө кылмыштуулуктун алдын алууну түшүндүрдү
Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери Бишкек шаарындагы мектеп-гимназиянын окуучулары менен Кикбокс жана ММА боюнча Дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев менен жолугушуу уюштурду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери Кикбокс жана ММА боюнча Дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев жана Кыргыз Республикасынын Грэпплинг федерациясынын президенти Кенжебек Чекировдун катышуусунда өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Аталган иш-чара Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучуларына өткөрүлгөн. Бул иш-чара учурунда ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери менен Дастан Шаршеев укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча маалыматтарды беришип, дени сак жашоо, спорт жөнүндө окуучулар менен маектешти. Дастан Шаршеевге окуучулар кызыккан суроолорун берип, каалоо-тилектерин айтышты. Ошондой эле, окуучулар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борборунун имараты менен таанышып чыгышты. Андан соң окуучулар Кикбокс жана ММА боюнча Дүйнө чемпиону менен эстеликке сүрөткө түшүштү. Иш-чаранын соңунда окуучулар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосунда мектепке жеткирилди. Окуучулар үчүн бул иш-чара эстен кеткис жагымдуу жолугушуу болгондугун билгилеп өтүштү. Чакырылган коноктор дагы окуучулар менен жолушкандыгы үчүн терең ыраазычылыктарын айтышып, өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу иштерине жигердүү катышаарын билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/kikbokser-dastan-sharsheev-sprmdr-menen-zholugushtu
Добавить комментарий ×