2020-жылда кайсы күндѳрү эс алабыз?
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлиги 2020- жылга календардык планды иштеп чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сѳз кызматы билдирди.
Келерки жылдын эс алуу күндөрү: үчтүн айынын 1 - Жаңы жыл, бирдин айынын 23 - Ата-Журтту коргоонун күнү, жалган куран айынын 8- Аялдардын эл аралык күнү, жалган куран айынын 21- Элдик Нооруз майрамы, чын куран айынын 7- Элдик Апрель революциясы күнү, бугу айынын 1- Эмгек майрамы, бугу айынын 5- КР Конституциясынын күнү, бугу айынын 9-Жеңиш күнү; баш оона айынын 31-КР Көз карандысыздыгынын күнү. Ошондой эле, жетинин айынын 7- жана 8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Ай календары боюнча аныкталуучу "Орозо айт" жана "Курман айт" мусулман майрамдары жана үчтүн айынын 7- Ыйса Пайгамбардын туулган күнү (православия рождествосу) жумушчу эмес майрам күндөрү болуп саналат.
Дем алыш күнүнө жана жумуш эмес майрам күнүнө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат. Кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдү рационалдуу пайдалануу үчүн КР Өкмөтү дем алыш күндөрдү башка күндөргө которууга укуктуу.
Майрам күндөрүнүн алдындагы кыскартылган күндөр кайсылар: үчтүн айынын 6-сы, жалган куран айынын 20-сы, чын куран айынын 6-сы жана 30-у, бугу айынын 4-тү жана 8-и, жетинин айынын 6-сы, бештин айынын 31-и.
Ссылка: https://barometr.kg/kijinki-zhyly-kajsy-kndr-es-alabyz-baary-bul-zhakta
Добавить комментарий ×