"Кичинекейим сени издеп, уктабай жатат". Кадыр Жарматов жубайынын өлүмү тууралуу үн катты

26 апреля 2021 10:43 2664 Barometr
Поделиться в:
ok

Тамашоучу, шоумен Кадыр Жарматов жубайынын өлүмүнө байланыштуу билдирүү таратты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Эске сала кетсек, 22-апрелде Кадыр Жарматовдун жубайы Саматова Каныкей асынып алып, каза болгондугу маалым болгон.

“Жаркылдагым, алтыным, берекем, үйүмдүн куту Каныкейим неге бул ишке бардың экен? 4 баланы, мени, кимге таштап кеттиң? Эми сенсиз кантебиз?

Бүгүн, аза күтүп олтуруп 3 күн сенсиз жашоо өткөрүп, аябай кыйналганымды сездиң бекен? Кыздарым апам качан келет деп сурап жатат? Эмне деп жооп берем?

Кичинекейм менден башка эч кимге көнбөй, түндөсү апа деп чочуп ойгонуп жатат, сенин мээримиңе зар болуп жатат!

Неге ушуларды ойлободуң? Эх бир канатым сынды. Кайрылды мүдүрүлдү, эми бутка турамбы? Сенин жоктугуңа 3 эле күн болду биз кыйналдык!

Жүрөктөгү күйүтүм калды. Кышында молдого барып, жол жобосун кылганда жакшы болуп калдым дедиң эле гоо. Неге айтпадың? Ичиңде кетти армандын баары.

Сени өмүр бою унутпайбыз биз үчүн сен тирүүсүң! Жөжөлөрүмдү жакшы чоңойткону аракет кылам апасы!

Аллах өмүр берсе, күч кубат берсе, адам кылып чоңойтом, берекем! Аллахтан жалбарып сурайм бейиштен көрүшөлү. Акыретте бир болсок экен деп күндө тиленем!

Бизди күтүп жакшы жат менин түбөлүктүү сүйүүм!

Жүрөгүм ооруп, жашоомдо караңгы күндөрүмдү өткөрүп жатам эл, журт! Мындай сыноону Аллах эч кимге бербесин! Билип, билбей менин үй-бүлөмө туура эмес карагандар, туура эмес билдирүү жазгандар Аллахтан корккула! Биз акыркы жылдары өтө бактылуу жашадык! Урушпадык, кызганышпадык, эч кандай ойнош эмес, аялым өз оорусу менен бул дүйнө менен кош айтышты. Бул бир дарт экен! Аны башынан өткөндөр гана түшүнөт.

Эч кимге эч нерсе айтпай кете бердиңби? Дагы да көп убакыт ажырата албаганыма өкүнөм. Муну билгенде жаныңдан жарым карыш жылбайт элем, ач калсак да көчөгө чыкпайт элем. 


Эркектер, аялыңарды сыйлагыла! Сыйлагыла! Дагы да сыйлагыла! Аялсыз жашоо, жашоо эмес экен! Кош, менин балдарымдын апасы! Сенсиз кандай жашоо күтөт билбейм! Кайгымды тең бөлүшкөндөргө ыраазычылыгымды билдирем”, - деп жазды ал.

Ссылка: https://barometr.kg/kichinekejim-seni-izdep-uktabaj-zhatat-kadyr-zharmatov-zhubajynyn-lm-tuuraluu-n-katty



Добавить комментарий