Көгүлтүр от үчүн карызын төлөбөгөндөрдүн газ берүү түтүкчөлөрү кыркылат
"Бишкекгаз» ишканасынын абоненттеринин соңку эки жылдагы жалпы карызы 15 миллион сомду түздү. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын "Бишкекгаз" ишканасынын кызматкери Урмат Жарашов билдирди.
Айрымдары 3 миң сом карыз болсо, кээ биринин бересе акчасы 50 миң сомго жетет. Көгүлтүр отту жай-кышы дебей каалашынча колдонуп, бирок акы төлөөгө келгенде качкандардын арасында ички иштер министрлигинин кызматкерлери да бар экен.
Ал эми айрым абоненттер көгүлтүр отту уурдап жагып жатканы үчүн кармалган. Мындан улам «Бишкекгаз» ишканасы кескин чарага барууга даяр. Акы төлөбөгөн газ колдонуучулар менен соттошуп гана тим болбостон, газ берүүчү түтүктөрүн кыркууга өтөөрүн эскертишүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/kgltr-ot-chn-karyzyn-tlbgndrdn-gaz-ber-ttkchlr-kyrkylat
Добавить комментарий ×