Жер мунапысын алууга укугу бар жарандардын тизмеси жарыяланды

18 апрель 2023 14:30 1517 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жер мунапысын алууга укугу бар жарандардын тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Мэриянын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментинин маалыматына ылайык,  “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомуна ылайык, жер амнистиясына кирген объекттерге арыздарды кабыл алуу иштери улантылууда.

Бүгүнкү күндө Свердлов районунун толук документтерин тапшырган жарандарынын тизмелери белгилүү болду.

Борбор калаада жарандардын мүлктүк укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында жер амнистиясын ишке ашырууну жөнгө салуучу «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,  мунапыс объектилерине арыздарды кабыл алуу улантылып жатканын эске салабыз.


Арызга «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктунда каралган жерге мунапыс объектисинин түрүнө ылайык төмөнкү документтер тиркелет.

- арыз ээсинин - жеке жактын өздүгүн  ырастоочу документтеринин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- жер участогуна укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);

- техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;

- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;

- объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү дүмүрчөктөр, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер);

Берилген материалдардын тууралыгы үчүн өтүнмө ээси жеке жоопкерчилик тартат.

Урматтуу шаардыктар, документтерди тапшыруу үчүн Туңгуч кичирайону, 57 дарегинде жайгашкан Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментине күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылыңыздар.

Тизмени төмөнкү шилтеме аркылуу кирип көрсөңүздөр болот. 

https://www.meria.kg/ru/post/26552

Байланыш номерлери: 0312 979297, 0312 97 94 54.




Ссылка: https://barometr.kg/zzd-tizmeden-karap-krzdr-zher-munapysyn-aluuga-ukugu-bar-zharandardyn-tizmesi-zharyyalandy



Добавить комментарий