Бишкек шаары быйыл жаз алды менен 1миллион 600 миң гүл менен кооздолот

19 февраль 2024 11:45 1823 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаары быйыл жаз алды менен 1миллион 600 миң гүл менен кооздолот. Бул тууралуу мэриянын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы жазгы гүл отургузууга даярданууда. 

«Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын күнөсканаларында жазгы гүл отургузууга активдүү даярдык башталган. 

“Учурда «Бишкекжашылкурулуш» МИсынын күнөсканаларында жаш көчөттөрдү жаңы топурак аралашмасы толтурулган чоңураак идишке көчүрүү иштери жүрүп жатат, бул процесс гүл үчүн оор  болушу үчүн, көчөттөр өсүүнүн алгачкы стадиясында жыйналып алынат.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында ишкананын эки күнөсканасына бир жылдык гүлдөрдүн 20дан ашык түрүнүн үрөнү себилген. Апрель айынын аягында шаардын гүлзарлары 1 миллион 600 миң бир жылдык гүлдөр менен кооздолот.

Маалымдама: Азыркы «Бишкекжашылкурулуш» МИсынын аймагындагы алгачкы күнөсканалар 1933-1940-жылдары курулган, согуштан кийинки жылдары бир нече күнөскана курулган, акыркы күнөскана 1987-жылы, декоративдик-жемиш чарба совхозу иштеп турганда курулган”, -деп айтылат маалматта. 

Белгилей кетсек, өткөн 2023-жылы ишкананын аймагында аянты 400 м2, бийиктиги 4 метр болгон кореялык технология менен жаңы күнөскана курулган. Ал жаңы жана жакшыртылган жылытуу жана желдетүү системасы менен жабдылган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaary-byjyl-zhaz-aldy-menen-1million-600-mi-gl-menen-koozdolot



Добавить комментарий