Зордуктоого айыпталып жаткан жигиттин абакта тилин кесип салышты
Россиянын Иркутск областында убактылуу тергөө абагында жаш кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө айыпталып жаткан жигиттин тилин жана кан тамырын кесип салышкан. Аны 5-убактылуу кармоочу жайдан ооруканага жаткырышкан. Бул тууралуу жабырлануучунун адвокаты Людмила Романенко Lenta.ru сайтына кабарлаган.
Анын айтымында, 15-апрелде жаш жигит камакка алынган, укук коргоо кызматкерлери ага “күнөөңдү мойнуңа аласың баш тартсаң ишиң аябай эле начар болот” деп коркутушкан.
Камакка алынган жигит макул болуп, күнөөсүн мойнуна алган түшүнүк жазып берген.
Ушундан үч күн өткөндөн кийин адвокат жана тергөөчү убактылуу кармоочу жайга барганда ал өзүнүн жазып берген түшүнүгүнөн баш тарта турганын айткан. Ошол эле маалда жактоочунун айтымында анын коргоочусу катуу коркуп калганы байкалган.
Кийинки күнү, 19-апрелде айыпталуучу тили жана вена тамыры кесилген абалда камерадан табылып бейтапканага жаткырылган.
Учурда дарыгерлер анын көп кан жоготконун бирок жашоосуна коркунуч келбей турганын маалымдашты.
Ссылка: https://barometr.kg/zorduktoogo-ajyptalyp-zhatkan-zhigittin-abakta-tilin-kesip-salyshty
Добавить комментарий ×