Баласын айтканымда жасабайсың деп сабаган киши эки айга камалды

21 апрель 2020 18:27 1942 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баласын айтканымды жасабайсың деп сабап, муунткан Россияда иштеп жаткан Кыргызстандын жараны эки айга камакка алынды. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, социалдык тармактарда баласын отжимание жасабайсың деп сабап жаткан кишинин видеосу тараган.

Бул боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, водеодогу адамдын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Жубайы 1987-жылы туулган Ж.Ж. экендиги такталды. Ошондой эле, иликтөөнүн жүрүшүндө ал үй-бүлөсү менен кошо 2019-жылы 16-октябрында Россияга учуп кетишкендиги жана учурда Москва шаарында жашап жаткандыгы маалым болгон.

Кыргыз Республикасынын жараны 1985-жылы туулган Ж.Э.ге карата Москва шаарынын Кунцево району боюнча Тергөө комитети тарабынан РФдин Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Уруп-согуу кыйноо) жана 156-беренесинин (Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо) негизинде кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен ал 2 айга камакка алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/zombuluk-krstkn-ata-eki-ajga-kamaldy



Добавить комментарий