Жылдызкан Жолдошова: Садыр иним, сени паракор, ач көз адамдар курчап алды

12 февраль 2021 17:29 1564 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу саясатчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жолдошова өз кайрылуусунда, президенттин айланасын паракор, олигарх, ач көз адамдар курчап алаганын айтат.

“Садыр иним, 2010-жылдан бери саясатта бирге келе жатабыз. Ийгиликтерди, оор күндөрдү бирге өткөрдүк. Кандай кырдаал болбосун, мен Сени таштабадым, сатпадым, колуман келишинче колдоп келе жатам, абийиримдин алдында тазамын.

Бүгүн, бир чындыкты коом аркылуу айтып коюну чечтим. Биринчиден, айлана-чөйрөңү тазалабасаң болбой калды, ачыгын айтайын коррупционерлер, олигархтар, ач көздөр ороп алышты Сени. Алардын максаты, өз кызыкчылыктарын чечип алуу, эл үчүн күйгөн жок алар.

Экинчиден, кадр маселесинде чебер, өтө кылдат, аяр мамиле жасоо менен, ар бир кадр жөнүндө шашпай досье алып кызматка койсоңор туура болмок.

Алдын ала айтканым, Сенин тагдырыңа азырынча кайдыгер эмес экеними далилдейт.

Убакыт тар, бир күнүң текке кетпесе, элдин үмүтү, ишеничи сенде”, - деген кайрылуу жолдоду.

Ссылка: https://barometr.kg/zhyldyzkan-zholdoshova-sadyr-inim-seni-parakor-ach-kz-oligarhtar-kurchap-aldy



Добавить комментарий