Депутат: Түркияда 400дөй кыргызстандык мекенине кайта албай турат
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда чет өлкөдө калган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу маселеси талкууланууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы басма сөз кызматы билдирди.
Депутаттар башка мамлекеттердин аба майдандарында мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктан арбын экенине токтолушуп, аларды мекенине кайтарууну ыкчам түрдө ишке ашыруу зарылчылыгын кошумчалашты.
Алсак, депутат Жылдыз Мусабекова Түркиянын ири шаарларындагы аба майдандарында 400 мекендешибиз өлкөгө келе албай жатканын айтып, аларды таштап койбой тез арада чартердик каттамдарды уюштуруу маселесин көтөрдү.
Депутат Руслан Казакбаев чет мамлекеттеги элчиликтер биздин жарандардын укугун коргоп, аларды мекенине кайтаруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүү керектигин белгилеп, көйгөйдү саясатташтырбоо сунушун берди.
Ссылка: https://barometr.kg/zhyldyz-musabekova-400-mekendeshibiz-lkg-kele-albaj-zhatat
Добавить комментарий ×