Жылдын башынан бери 1,4 млн тонна көмүр казылды
Бөлүшүү:
Кыргызстанда 2021-жылдын январь-август айларында пайдалуу кен байлыктарды казып алуу 16 млрд 866,4 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында маалымдалганын “Барометр” билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, 2021-жылдын январь-август айларында 370,2 миң тонна таш көмүр жана 1 млн тонна күрөң көмүр казылып алынды.
Август айында 43,3 миң тонна көмүр жана 158,6 миң тонна күрөң көмүр казылды.
Ссылка: https://barometr.kg/zhyldyn-bashynan-beri-14-mln-tonna-kmr-kazyldy
Добавить комментарий ×