Жыл башынан бери Россиянын атайын кармалуучу жайына миграциялык мыйзамды бузган 549 кыргызстандык кармалды

12 октябрь 2018 16:20 1046 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Мекендештер уурулук, жасалма документ жасагандыгы үчүн айыпкер болушкандыгын өлкөнүн дипломатиялык кызматынан өкүлдөр билдирүүдө. Бул иштер Россиянын күч органдары тарабынан ар дайым жүргүзүлүп турган рейддердин алкагында аныкталган. 549 адамдын басымдуу бөлүгү чыгарылган. Арасында иши сотко өткөндөрү, өлкө аймагынан чыгарылгандары жана азыркы тапта сотту күтүп жаткандары да бар. 

Адистер чет өлкөгө кетип жаткан ар бир жаран бар турган жерлери тууралуу кененирээк маалыматты бул жактан алып, ал жерге барганда сөзсүз түрдө Кыргызстандын элчилиги, консулдуктарына кайрылуу зарылдыгын эскертишүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhyl-bashynan-beri-rossiyanyn-atajyn-karmaluuchu-zhajyna-migraciyalyk-myjzamdy-buzgan-549-kyrgyzstandyk-karmaldy



Добавить комментарий