Жыл башынан бери 103 адам сууга чөгүп каза болгон

3 август 2018 03:15 1329 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

2018-жыл башталган бери жыл башынан алганда жалпы 103 адам сууга чөгүп каза болгон. Алардын 80и жай мезгилинде чөккөн. Бул маалыматты "Кабар" маалымат агенттигинин маалымат жыйынында КР өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

2018-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын премьер-министринин – Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу башчысынын №17 буйругу чыгарылып Кыргыз Республикасынын министрликтерине, ведомстволоруна жана облустук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек, Ош шаарларынын мерлерине жайкы туристик сезонго даярдык көрүү жаатында бир катар атайын тапшырмалар коюлган.

Бирок, мындай тапшырмаларга карабай, сууга чөккөндөр көбөйүп жаткандыгына байланыштуу ӨКМ тарабынан  жарандарга кырсыкты алдын алуу боюнча окуулар, куткаруучуларды машыктыруу иштери, элдерге түшүндүрүү иштери болгон күч аракет менен жумшалып жаткандыгын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Учурда жумасына эки жолу суудагы коопсуздук эрежелери жөнүндө СМС билдирүү жөнөтүп жатышат. 

“Суулар, дарыялар – коркунуч булагы. Ата-энелер, балдарыңарды жакшы карагыла. Аларды көп убакытка көңүл бурбай калтырбагыла”, - деп жазылат СМСте. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhyl-bashynan-beri-103-adam-suuga-chgp-kaza-bolgon



Добавить комментарий