Журналист Жайнагүл Тазабекова жол кырсыгынан каза болду
Журналист Жайнагүл Тазабекова 10-февралда жол кырсыгынан каза болду.
Алар түнкүсүн үй-бүлөсү менен унаада коноктон келатып Бишкектеги Ак-Өргөө жаңы конушундагы Ахунбаев менен Кырк кыз көчөлөрүнүн кесилишинде мамыны сүзүп жол кырсыгына кабылышкан. 28 жаштагы Жайнагүл алган жараатынан ооруканага жетпей жан берген. Ал эми өмүрлүк жолдошу менен алты айлык кызы аман калышкан. Алардын абалы канааттандырарлык деп айтылууда.
Жайнагүл Тазабекова "Биринчи радио", "Санжыра" радиолорунда жана "Ала-Тоо 24", "Пирамида" телеканалдарында иштеген.
barometr.kg сайтынын эмгек жамааты кесиптешибиз Жайнагүлдүн каза болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, ата-эне, жакындарына көңүл айтабыз.
Ссылка: https://barometr.kg/zhurnalist-zhajnagl-tazabekova-zhol-kyrsygynan-kaza-boldu
Добавить комментарий ×