Жумгал районунун аймагында блокпост күнү-түнү иштеп жатат
Райондун аймагында коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу, жеке гигиенаны сактоонун эрежелерин үйрөтүү, зарыл болбогон учурда үйдөн чыкпоолорун эскертүү максатында райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле жарандардын күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк, дары-дармек, күйүүчү май ташыган автоунааларга өткөрмө кагаздары берилип, сатылып жаткан товарлардын баасын туруктуу кармап туруу максатында соода түйүндөрүнүн алдына бааларын жазып коюу сунушталып, азыркы учурда баалар илинүүдө.
Андан сырткары, Жумгал районунун аймагында жайгашкан санитардык-карантиндик постто РИИБдин кызматкерлери, медицина, ветеринардык кызматкерлер, ӨКМ, санитардык эпидемиологиялык бөлүмүнүн кызматкерлери районго кирип чыккан автоунаалардын санын каттап, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/zhumgal-rajonunun-ajmagynda-blok-post-kn-tn-ishtep-zhatat
Добавить комментарий ×