Жумгалдын суу чарба башкармалыгына карата иш козголду
Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги кызматкерлердин эмгек акыларын өз кызыкчылыгына пайдаланган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Нарын областынын прокуратурасы тарабынан Жумгал райондук суу чарба башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнө пайда табуу жана материалдык артыкчылыктарды көрүү максатында, мекеменин каржылык жана бухгалтердик иш кагаздарды жасалмалоо аркылуу, айрым кызматкерлердин эмгек акы төлөө карталык эсебине каражаттарды которуу жолу менен жалпы суммасы 3 млн 62 миң 330 сом акча каражатын банк аркылуу чыгарып, өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Натыйжада, кызмат адамдарынын кылмыштык аракеттеринин кесепети менен мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Аталган факты боюнча КРнын Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, азыркы учурда тергөө аракеттери башталды жана мыйзамсыз ыйгарылып алынган жалпы суммасы 3 062 330 сом акча каражатты мамлекеттин эсебине кайтарууга тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/zhumgaldyn-suu-charba-bashkarmalygyna-karata-ish-kozgoldu
Добавить комментарий ×