Кыргызстанда күн ачык болуп, кар жаабайт

16 ноябрь 2018 09:00 1028 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

16-ноябрда көпчүлүк аймактарда күн ачык болуп, кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Абанын температурасы Чүй облусунда 0…-5, Талас өрөөнүндө —3…+2 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көл жана Нарын облустарында —1…+4 градус жылуу болоору болжолдонду.

Ал эми Ош шаарында жана Бишкекте кар жаабайт, абанын температурасы Бишкекте —2…-4 суук болот, Ошто +6…+8 градус жылуу болору айтылды. 




Ссылка: https://barometr.kg/zhuma-kng-karata-aba-yrajy



Добавить комментарий