Жубайларга “эң ичпеген үй-бүлө” деген наам беришкенден кийин бөтөлкөнүн түбүнө түшүп ичип кетишти
Молдовада “эң эле ичпеген үй-бүлө” деген конкурстун жеңүүчүлөрү бул наамды алгандан кийин биротоло аракечтикке берилип кетишти. Бул тууралуу kp.md кабарлады.
Күнөстүү Молдова винолордун мекени, ушундан улам бул жерде ичимдик ичпей жүргөн кишини колдогондор көп. Пухой айылынын башчысы, арак ичпеген филантроп жана спортсмен Петр Фрунзэ айыл жашоочуларын аракечтиктен куткаруу максатында сыйлык уюштурган.
Жарым жыл ичпеген айылдыктарга 4000 рубль сыйлык ыйгармак болгон. Туруктуу жумушу жок айылдыктар үчүн бул абдан көп акча болуп эсептелет. “Ушулар ичпейт го” деген 20 үй-бүлө тандалып алынып конкурска катышкан. Аларды уюштуруучулар көзөмөлгө алышкан. Тактап айтканда конкурстун катышуучуларын сутканын кайсы убагында болбосун үйүнө кирип барып текшерип турушкан.
Соңунда жубайлар Ион жана Светлана Унгуряндар ийгиликке жетишип, жарым жыл бою арак ичишпей жеңүүчү болуп табылган. Алардын эки уулу бар.
Бирок сыйлык алгандан кийин үй-бүлө ушунчалык ичип кеткендиктен эми айыл өкмөт менен участкалык полиция биригип аларды ата-энелик укуктан ажыратыш үчүн документ топтоп жатышат.
Добавить комментарий ×