Жүрөк элжирейт. Апалап асманды карап кыйкырып, энесин күткөн баланын видеосу таркады (видео)
Бөлүшүү:
Кыргыз мигрантынын баласы, энесин сагынып, апасы бар деген үмүт менен күн сайын учактарды карап кыйкырып күткөн видео таркады. Бул тууралуу интернетке таркаган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Видеого баланын асманды карап "апа" деп кыйкырып жатканы тартылган.
Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстандан барган сайын эмгек мигранттары балдарын туугандарына таштап, акча табуу максатында өлкөдөн чыгып кетишүүдө.
Кыргыз мигранттарынын дээрлик 80 пайызы Россияда иштешет, анткени жакырчылыктын өсүшү ички жана тышкы эмгек миграциясынын көбөйүшүнө алып келүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/zhrkt-oorutup-apa-asmandy-karap-kyjkyryp-enesin-ktkn-bala
Добавить комментарий ×