Жүргүнчү аялга кол көтөргөн айдоочу кечирим сурады

4 октябрь 2018 12:58 1315 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жүргүнчү аялды чаап жиберген  кичиавтобустун айдоочусу  аялды чаап жибергени үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, айдоочу Ал 58 жаштагы борбор калаанын тургуну экении аныкталды.

Аялга кол көтөргөн айдоочу Бишкектин Москва райондук милиция бөлүмүндө камакка алынды. Ал эми унаа айып унаа токтотуучу жайга токтотулуп, тергөө иши башталды.

 Эске салсак,  2-октябрда Бишкек — Кара–Балтага каттаган №302 маршруткада болгон жаңжалдын видеосу социалдык тармактарга тараган.

Анда айдоочу музыканы акырындатып коюуну суранган аялга ачууланып аны сабаганга чейин барган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhrgnch-ayalga-kol-ktrgn-ajdoochu-kechirim-surady



Добавить комментарий