Кыргызстан Россия менен газдын баасын төмөндөтүүнү сүйлөштү

11 май 2020 11:20 980 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүнкү реалдуулук өнөктөш-өлкөлөр менен кызматташууну активдештирүүнү талап кылат. Россия биздин башкы өнөктөш. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Россия ө0кмөтүнүн төрагасынын орун басары Андрей Оверчук менен онлайн-жолугушуу учурунда айтты.

«COVID-19 адамдардын жашоосуна жана пландарыбызга өзгөртүүлөрдү киргизди. Ошол эле учурда биз алдыга карай бет алып, экономикалык кызматташууну кеңейтүүбүз керектиги айкын. Белгилей кетсем, эки жактуу өз ара иштешүү боюнча бардык сунуштар россиялык тараптын колдоосуна ээ болууда. Бардык макулдашуулар боюнча иштер улантылууда», - деп белгиледи Эркин Асрандиев.

 Жолугушууда козголгон маанилүү маселелердин бири жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү болду.

«Бул биз үчүн өтө аяр маселе. Коронавирус инфекциясынын жайылышы, ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү,  улуттук валютанын баасынын төмөн түшүшү калктын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн кыскарышына алып келди. Ошондуктан кыргыз тарап жаратылыш газынын баасы маселесин кайра карап чыгууну өтүнөт. Албетте, бул суроону бир заматта чечип коюуга болбойт, бирок биз оңдуу жооп алабыз деп ишенебиз. Ошондой эле антикризистик чаралардын экинчи пакетинин алкагында бизнести каржылоодо Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун бош каражаттарын пайдалануу мүмкүндүгүн карап чыгуу сунушталууда», - деди вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Россия тарап Кыргызстандын сунушун карап чыгууга убада берди.

Жолугушууда бир катар маселелер, анын ичинде Россиянын  Кыргызстандын бажы органдарына техникалык жардам көрсөтүүсү, товарларды маркировкалоонун жүрүшү жана салык чогултуу боюнча маселер каралды.

Тараптар жарыяланган Кайчылаш жылдын алкагындагы иш-чаралардын планын аткарууну жандандыруунун зарылдыгы тууралуу бир пикирге келишти.

Ссылка: https://barometr.kg/zholugushuuda-kozgolgon-maanil-maselelerdin-biri-zharatylysh-gazynyn-baasyn-tmndt-boldu



Добавить комментарий