Жолдуу болуш үчүн кандай жууркан-төшөккө жатуу керек?
Адам жашоосунун ажырагыз бөлүгү бул түнкү эс алуу. Уйкунун мыкты болушу бекем ден соолукка жол ачат. Фен-шуй же болбосо предметтерди мейкиндикке жайгаштыруу боюнча илимде уктоочу бөлмөдөгү жууркан-төшөк адам жашоосуна чоң таасир берет деп эсептелет.
Түстөрдүн политрасы байыркы кытайдын окуулары боюнча Инь жана Янь деп бөлүнөт. Инь түстөрдөн сиз тынчтанууну алып маселелерди унутасыз.
Демек
-Маанайыңыз тынчтаныш үчүн ак түстүү шейшепке жатыңыз.
-стресстен чыгыш үчүн, карьерада жана бизнесте ишиңиз жүрүшсүн десеңиз жашыл шейшептүү төшөктө уктаган жакшы.
-тескери таасирди фиолетовый түс жоготот жана интуицияны күчөтөт.
-кызгылтым түс жалгыздыктан куткарып, сизди бактылуу кылып, жашооңузга сүйүү жана романтика алып келет.
-акыл эмгегинен келип чыккан чыңалууну көгүлтүр түс нейтралдаштырат.
Күч-кубат алыш үчүн Янь түстөрдү колдонгон жакшы натыйжа берет.
-ажырашууну алдын алыш үчүн жана эмгек жөндөмүн жогорулатыш үчүн, ошондой эле жөн гана кубаныч тартуулаш үчүн сары түстүү шейшеп сатып алыңыз.
-интимдик жашоодогу пикир келишпестикти жөнгө салууда, депрессиядан кутулууда ачык кызыл-оранжевый түстөгү жууркан-төшөктү колдонгон туура.
-кызыл түстүү жуурканды же шейшепти убактылуу гана колдонуу керек, мисалы жубаңыздын кумарын арттырыш үчүн. Бирок кызыл түстүү шейшеп жууркандарды дайыма колдонуу нервдин чыңалыш жана албетте уруш-талашты пайда кылат.
Ссылка: https://barometr.kg/zholduu-bolush-chn-kandaj-zhuurkan-tshkk-zhatuu-kerek
Добавить комментарий ×