Жолдубай Кайыповдун сырдуу өлүмү тууралуу даректүү фильм тартылды
Россияда "Жылдыздардын иши" аттуу даректүү тасма тартылып, анда Советтер Союзундагы белгилүү диктор Жолдубай Кайыповдун өлүмүнүн сыры тууралуу изилдөө жүргүзүлгөн. Леонид Каневскийдин "Следствие вели…" программасында даярдалган даректүү фильм Россиянын НТВ каналынан көрсөтүлдү.
"Жолдубай Кайыпов бир гана беделдүү диктор эмес, белгилүү ырчы, обончу жана аткаруучу болгон. 1984-жылдары балдарын циркке алып барып, келе жатып эле дайынсыз жоголуп кеткен. Кийинчерээк анын сөөгү Бишкектин ГЭС-5 жагындагы унаанын багажынан табылган".
Даректүү фильм цирктин жанында ыйлап жаткан эки баланы көрсөтүү менен башталат. Атаңар кайда деп сураганда "Циркке алып келип унутуп калды"-дешет балдар.
Эске салсак, Каневский Кыргызстанга келип, ССР убагындагы маньяк тууралуу даректүү фильм тартып кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/zholdubaj-kajypovdun-syrduu-lm-tuuraluu-darekt-film-tartyldy
Добавить комментарий ×