Видео. Кыргыз ССР убагындагы аялдарды зордуктап өлтүрүп жүргөн "зөөкүр" тууралуу даректүү фильм тартылды

15 октябрь 2018 18:45 3289 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз ССР убагындагы Фрунзедеги кыз-келиндерди зордуктап жүргөн "зөөкүр" адам тууралуу Россияда даректүү фильм тартылды. Бул тууралуу НТВ каналында Леонид Каневскийдин "Следствие вели…" программасында  көрсөтүлдү. 

Даректүү тасмада көрсөтүлгөндөй 1960-жылдардагы мезгилди сүрөттөйт. Анда борбор калаабыз Бишкек эмес, Фрунзе болуп турган мезгилге туш келет экен. Жумуштан келе жаткан, көчөдө жалгыз-жарым жүргөн кыздарды зордуктап, айрымдарын өлтүрүп дагы койгон зөөкүрдү милиция кызматкерлери таппайт. Аягына чыкпаган ишти "жапты" кылып, кылмыштын бети ачылбай 10 аял зордукталып, үчөө зөкүрдүн колунан каза табат. Мындай окуя улана бергендиктен милиция кызматкерлери изине түшөт. Акыры, 28 жаштагы айдоочу Виктор Селихов аттуу жаран кармалат. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Селихов жеке суйүусүнөн жапа чеккендигине байланыштуу кыздардан ушундай жол менен өч алып жүргөндүгүн айтат. 


Кылмышкер 1964-жылы кармалып, 1965-жылы өлүм жазасына тартылган. Даректүү фильмде фактылар ИИМдин сырдуу материалдарынын негизинде даярдалган. 


Ссылка: https://barometr.kg/video-kyrgyz-ssr-ubagyndagy-ayaldardy-zorduktap-ltrp-zhrgn-zkr-tuuraluu-darekt-film-tartyldy



Добавить комментарий