Жолдошова: Садыр, Камчы, Ахматбек ынтымагыңарды бекемдеп, жоопкерчиликти сезгиле

10 март 2021 15:02 5551 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошова Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибековдорго кайрылып, аларга элдин ишеничи күч экенин айтып, “бир келген кутту колуңардан учуруп жибербегиле” деген кеңешин берди. Бул тууралуу Жолдошованын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кут, адам баласына кайра-кайра келе бербейт. Жараткан "кутту" болгону үч ирет гана берет, ошону унутпасаңар.

Мен, кыргыздын үч чыгаан уулдарына, үч доско, үч лидердин замандашы, партиялаш коллегасы, эжеси, ошондой эле, алардын басып өткөн жолдоруна күбө катары бир насаатымы инилериме айтып коюну чечтим.

Садыр, Ахматбек, Камчы, сиздерге кут үч жолу келген:

Биринчиси 2007-жылы;

Экинчиси 2010-жылы;

Үчүнчүсү 2020-жылы.

2010 жылы келген "кутту", сиздердин оппоненттериңер атайын "чагымчыл" иштерди жасашканда, кечиресиздер, сиздер ошол "чагымчыл" иштерге туруштук бере албай, ынтымагыңар ыдырап, кутуңарды учуруп алгансыңар. Аттиң...

Азыр да сиздердин, ачык эле айтайын душмандарыңар ошол эле "ыкманы" колдонуп жатышат. Сиздер ошол "ыкмага" баш ийбей ынтымагыңарды бекемдегиле.

Анткени, артыңарда Кыргыз Республикасы деген мамлекеттин, кыргыз элинин тагдыры турат. Жоопкерчиликти сезгиле, "кутту" учуруп албагыла. Элиңердин ишенимин жана үмүтүн актагыла”, - деп жазды Жылдызкан Жолдошова.

Ссылка: https://barometr.kg/zholdoshova-sadyr-kamchy-ahmatbek-chagymchyldarga-ishenip-yntymagyardy-ydyratyp-kutuardy-uchurup-algansyar



Добавить комментарий