Жол кыймылынын кызматкери токтобой кеткен унаанын алдыңкы дөңгөлөгүн аткан, окуядан жолдо бара жаткан адам жабыркады
23-декабрда кечки саат 18:00 чамасында Ош облусунун жол кыймылынын инспектору «Мерседес С-320» үлгүсүндөгү унаанын кара айнек менен чүмбөттөлгөнүн байкап, токтоткон. Унаанын номери дагы жок болгон. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Унаанын ээси токтобой прапорщикти атайылап эле унаа менен качырып келип, өзү токтобой качып кетүүгө аракет кылган. Ылдамдыкты жогорулатып, каршылашындагы жолго чыгып, башка унааларга дагы жол кырсыгын болтурууга мүмкүндүк түзгөн. Эскертүү иретинде К. А. аттуу милициянын лейтенанты эки жолу асманга ок чыгарган. Бирок, айдоочу ылдамдыгын азайткан эмес. Ошондуктан кызматкер мыйзамга ылайык, унаанын алдынкы дөңгөлөгүн аткан. Ок унаанын алды жагына тийип, жолдо өтүп бара жаткан Ю.А аттуу Ош облусунун тургунунун кулагына да чала-бучук тийген. Ю.А аттуу жаран ооруканага жеткирилип, учурда абалы жакшы экендиги кабарланды.
Ал эми А.С аттуу прапорщик дагы Ош облусттук ооруканасына жаткырылып, учурда абалы жакшы.
Токтобой кеткен айдоочу 19 жаштагы Ош облусунун жашоочусу экендиги жана мурда ИИМдин тизмесинде катталганы белгилүү болду.
Учурда камакка алынып, сурак иштери жүрүүдө.
Добавить комментарий ×