Жогорку Сот райондук сотко Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароого жѳнѳттү

22 август 2019 09:40 1271 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

21-августта Жогорку Сотто «Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү. Анда жактоочулар Текебаев менен Чотоновго карата козголгон кылмыш иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөтүүнү өтүнүштү. Жогорку Соттун коллегиясы жактоочулардын өтүнүчүн канааттандырды.

Жактоочу Таалайгүл Токтакунова: "Соттун чечиминен кийин биз ооруканада жаткан Өмүрбек Текебаевдин жанына барып, көрүп келдик. Албетте, соттун чечими ал үчүн дагы, биз үчүн дагы күтүүсүз болду. Текебаев дагы деле соттун чечимин кабыл ала элек десем болот. Толкунданып, кубанып жатып жүрөгү ооруп калды. Дарыгерлер келип тийиштүү жардам көрсөтүп кетишти. Текебаев менен 1 жарым саат сүйлөштүк. Бул убакыт аралыгында тарапташтарына ыраазычылыгын билдирди.

Буга чейинки соттук отурумдардан кийин деле сүйлөшчүбүз. Тагыраагы, 3 жылдан бери соттун чечими тууралуу айтып, ыйлактай берчүбүз. Бирок ал бизге баары жакшы болорун айтып көңүлүбүздү алып турчу. Бул жолку сүйлөшүүбүз соттун чечими тууралуу эмес, бири-бирибизге ыраазычылык билдирүү менен коштолду", - деди ал.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, аны бербесеңер "силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө

3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

 Учурда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sot-rajonduk-sotko-tekebaev-menen-chotonovdun-ishin-kajra-karoogo-zhntt



Добавить комментарий