Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин кароону баштады
Бөлүшүү:
Бүгүн, 16-июлда Жогорку сот “Ата Мекен” социалисттик партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароону баштады.
Буга чейин жаңы кабыл алынган мыйзамдарга жана жаңы жагдайларга ылайык, абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев жана мурунку Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун "Мегакомго" байланыштуу иши Жогорку сотто каралган. Ишти караган судья Текебаев менен Чотоновдун жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырган эле.
28-майда Текебаевдин жактоочулары ишти кайра карап чыгуу арызы менен кайрылышкан.
Жыйын саат 16:00гө белгиленген.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sot-mrbek-tekebaevdin-ishin-karoonu-bashtady
Добавить комментарий ×