Жогорку сот БШКнын парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу арызын артка кайтарды
Жогорку сот БШКнын Жогорку Кеңешке кайра шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кассациялык арызын артка кайтарды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын даттануусу бүгүн, 29-октябрда каралып, мамлекеттик алымдарды төлөгөндүгү тууралуу далили жок болгондуктан, кайра ээсина кайтарылган.
“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” уюму менен “Актив” саясий партиясы БШКнын чечимине каршы арызданып, Бишкектин Административдик сотуна кайралган. Сот органы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жараксыз деп тааныгандыктан БШК 28-октябрда кассациялык даттануу менен Жогорку сотко кайрылган.
Эскерте кетсек, БШК Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.
Бирок, 25-октябрда Бишкек административдик соту БШКнын кайра шайлоону 20-декабрга белгилөө чечимин жокко чыгарганы маалым болгон.
28-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек административдик сотунун парламенттик шайлоонун мөөнөтүн кайталап жокко чыгаруу чечимине каршы Жогорку сотко даттанган.
Добавить комментарий ×