Жогорку окуу жайларга кабыл алуу күнү жана графиги бектилди
Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына кабыл алуу графигин бекитти. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графиги бекитилди.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоонун:
- I туру - 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;
- II туру - 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;
- III тур - 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;
- IV туру - 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;
- V туру – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.
Катталгандан кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илинет, андан кийин абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун ырасташы керек.
Эгерде бош орундар калган болсо 22-23-24-августта, окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери илинет.
ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн абитуриент “Абитуриент Онлайн” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-okuu-zhajlarga-kabyl-aluu-kn-zhana-grafigi-bektildi
Добавить комментарий ×