Пара алууга шектелип кармалган билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев кызматынан бошотулду
Бөлүшүү:
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду”, -деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Алмазбек Бейшеналиев буга чейин, ири өлчөмдө паоа алууга шектелип УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Добавить комментарий ×