Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 4-сентябрда башталат

24 август 2018 22:35 962 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 4-сентябрда башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, «Регламент тууралуу» мыйзамга ылайык, депутаттардын жайкы эс алуусу сентябрдын биринчи жумуш күнүндө аяктайт. Бирок, III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 3-сентябрга туш келгендиктен, дүйшөмбү эс алуу күнү деп жарыяланып, иш күнү 4-сентябрда башталмай болду. 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары эки ай эс алууга кетишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-kezektegi-sessiyasy-4-sentyabrda-bashtalat



Добавить комментарий