Жогорку Кеңештин депутаты Босфор кысыгынан сүзүп өттү

22 июль 2019 15:13 3446 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты, "Бир Бол" фракциясынан депутат Бактыбек Турусбеков 31-континеттер аралык сүзүп өтүү мелдешинде Босфор кысыгынан сүзүп өттү. Мелдешти Түркиянын улуттук олимпиада комитети уюштурган. 

Бактыбек Турусбеков 55-60 жаш курагындагылар катышкан топ менен сүзгөн. Баардыгы болуп 85 адам катышкан мелдештин аралыгы 6,5 чакырымды түздү. Эл өкүлү аны 1 саат 6 минутада багындырган.  

Эскерте кетсек, Бактыбек Турусбеков Кыргызстанда туризм маселесин көтөрүп келген депутаттардын бири.   

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-deputaty-bosfor-kysygynan-szp-tt



Добавить комментарий