Жогорку Кеңештин депутаттарынан вирус аныкталды
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында COVID-19 жугузуп алгандар бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Брифинг учурунда модератор министрден депутаттардан алынган анализдин жыйынтыгын сураган. Абдикаримов вирус аныкталганын тастыктады. Бирок, канча жана кайсы эл өкүлдөрү вируска чалдыкканын ачыктаган жок.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчисинен коронавирус аныкталганынан кийин башка эл өкүлдөрүн ПЦР-тесттен өтө башташкан.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-deputattarynan-virus-anyktaldy
Добавить комментарий ×