Кыргызстан менен Россия парламенттик дипломатияга дагы маани берет

28 февраль 2020 14:10 438 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москва шаарында Жогорку Кеңештин депутаттары Канатбек Исаев, Тынчтыкбек Шайназаров, Марат Аманкулов, Евгения Строкова, Талант Мамытов, Бактыбек Турусбеков жана Гүлнара-Клара Самат Россиянын Федералдык Жыйынын Мамлекеттик Думасынын депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине барган Президент Сооронбай Жээнбековдун иш сапарынын алкагында уюштурулган.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүн өөрчүтүү жана Эриш-аркак жылдын алкагында бир катар маданий-гуманитардык иш-чараларды биргелешип өткөрүү маселелерин талкуулашты.    

Депутаттар эки өлкө ортосундагы байланыштарды чыңдоодо парламенттик дипломатиянын жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын уюштуруу багытындагы ойлору менен бөлүштү.  

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылыш аземине күбө болушту.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-deputattary-moskva-shaarynda-mamlekettik-dumanyn-deputattary-menen-zholugushtu



Добавить комментарий