Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 20-декабрга белгиленди
Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 20-декабрга белгиленди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Парламентке депутаттарды кайра шайлоо 20-декабрда өтөт. Бул чечим бүгүн, 21-октябрда, БШКнын жыйынында бир добуштан кабыл алынганы маалым болду.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өткөн. Бирок, 5-октябрда шайлооонун жыйынтыгына нааразы болгондор “Ала-Тоо” аянтына митинге чыгышкан. Алар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууна талап кылып митинге чыгышкан. Митинг башаламандык менен коштолуп, алар Ак үйдү жана бир катар мамлекеттик имараттарды басып алышкан. 6-октябрда БШК шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарганын маалымдашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshke-kajra-shajloo-20-dekabrga-belgilendi
Добавить комментарий ×