Жогорку Кеңешке болчу шайлоодо босого чекти 7 пайыз деп белгилөө сунушталууда

14 май 2020 13:30 1692 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңешке саясий партиялардын өтүүсү үчүн шайлоо тоскоолдугун 7 пайызга ттөмөндөтүү сунушталды. Демилгечилердин бири Талант Мамытов мыйзам долбоору боюнча кеңери баяндама жасап берди.

Бирок депутат Исхак Масалиев башка депутаттардын тобу шайлоо босогосун 5 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча жазган мыйзам долбоору айлап каралбай жатканын, анан эмне үчүн 7 пайыздык босого тууралуу жазылган мыйзам долбоору тез аранын ичинде каралып жатканн белгилеп кош стандарттуулук болбошу керектигин айтты.

Масалиевдин мындай нааразычылыгына төрага Дастан Жумабеков бардык мыйзам долбоорлорун регламент боюнча алып чыгып карап жатышканын белгилеп, айрым мыйзам долбоорлору айлап, кээси тез эле караларын айтты.

“Ушунча күндүн ичинде каралсын деген норма жок экен. Кээ бир мыйзам долбоорлору айлап каралбаса, кээси эрте каралат экен”, — деп жооп кайтарды.

Депутат Жанар Акаев парламентке жогору жактан “добро” алгандардын мыйзамы биринчи кирип, бир аз талкууланып эле добуш берүүгө жөнөтүлүп жатканын айтты.

“Жогору жактан “добро” алгандардын мыйзамы биринчи кирет. Алар көп талкууланбай эле жарым саат талкууланып туруп, өтөт деп жазып коюп жатабыз. Чындыгында ушундай болуп жатпайбы. Ким макулдук берип, ким чыгарып жатканын билип эле жатабыз да”, — деп нааразычылыгын билдирди.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңешке болчу шайлоодо босогону 7 пайызгы түшүрүү мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshke-bolchu-shajloodo-bosogo-chekti-7-pajyz-dep-belgil-sunushtaluuda



Добавить комментарий