Жогорку Кеңеш шайлоо жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Кандай өзгөрүү болот?

29 июль 2021 09:33 1514 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 28-июлда Жогорку Кеңеш президентти жана парламенттин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Аны 107 депутат колдоду, 2 депутат каршы болду. Баардыгы болуп 109 депутат каттоодон өткөн.

Мыйзам долбоорун президент демилгелеген жана биринчи окуудагы концепциясы кийин өзгөртүүлөр киргизилет деген негизде кабыл алынган.

Экинчи окууда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам боюнча комитети тарабынан бир катар өзгөрүүлөр киргизилген.

Мыйзам долбоорундагы негизги талаптар:

Аталган мыйзам боюнча парламентте 90 депутат болууга тийиш (азыр алардын саны 120), аралаш система киргизилет, буга чейин мандаттар партиялык тизме менен гана алынган.

54 депутат партиялык тизме менен келет, 36 депутат бир мандатуу округдан шайланат.

Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайыз болот.

Жогорку Кеңештин депутаты 25 жаштан жаш болбошу керек.

Шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү мурдагыдай эле-1 млн сом.

Үгүтчүлөрдүн саны партиялар үчүн 10 миңден ашпашы керек, бир мандаттуу округдар үчүн 500 үгүтчү болуш керек.

Бир аз мурда каттоодон өткөн партиялар дагы шайлоого катыша алат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-shajloo-zhnnd-myjzamdy-kabyl-aldy-kandaj-zgr-bolot



Добавить комментарий