Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылда жасаган ишин канааттандырлык деп тапты

13 май 2020 19:04 888 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңеш 13-майдагы жыйынында өкмөттүн 2019-жылда жасаган иштери боюнча отчетун карады. Бир күн бою талкууга алынган жыйындын соңунда 96 депутат макул болсо, 5 депутат каршы пикирин билдирди.

Добуш берүүнүн алдында “Ата мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев өкмөттүн 2019-жылдагы иштерин канаатандырарлык деп баалабай турганын айтып, кетирген бир катар катачылыктарын айтты. Ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев депутатты анын баяндамасын укпай калган болушу ыктымалдыгын айтып, урунттуу учурларды кайрадан атап берди.

Төрага Дастан Жумабеков өкмөттүн жасаган иштери канааттандырарлык экенин айтып, мурда мектеп, бала бакча жана жол жок айылдарга бардыгы салынганы ийгилик экенин билдирди.

Өз кезегинде Каныбек Иманалиев төраганы тост сүйлөгөндөй эле өкмөттү мактаганын айтканда, төрага мамлекет үчүн бардык аракетин көрүп келе жатканын, тост башка жерде сүйлөнө турганын айтты.

Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жактырылгандан кийин Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттарга ыраазычылык билдирип, ишине ийгилик каалада. Ошондой эле, коронавирус илдетин бирге жеңип чыгууга чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-kmttn-2019-zhylda-zhasagan-ishin-kanaattandyrlyk-dep-tapty



Добавить комментарий