Жоголгонуна 12 күн болду. Жалал-Абадда 14 жаштагы өспүрүмдү бүгүн суудан издешүүдө
Жалал-Абадда 14 жаштагы өспүрүм 12 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. Маалым болгондой, өспүрүмдү куткаруучулар, жергиликтүү тургундар издеп жатышат.
“Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылынын тургуну, 14 жаштагы М.Ф. аттуу өспүрүмдү издөө иштери бүгүн да уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин РӨКОнун №2 ӨКИОдон 5 куткаруучу, Базар-Коргон райондук №78 ӨКБдан 6 куткаруучу тартып, үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон өсүпрүмдү Ак-Булак тилкесинен издешүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өспүрүм бала 31-марттан бери дайынсыз болууда.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogolgonuna-12-kn-boldu-zhalal-abadda-14-zhashtagy-sprmd-bgn-suudan-izdeshd
Добавить комментарий ×