Жөнөкөй жумушчудан интернет жылдызына айланган россиялык жигиттин окуясы

29 март 2021 12:08 2281 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Челябинск шаарынын тургуну Альберт Галимов социалдык тармакка дөңгөлөктөрдүн фонунда ырдаган ырларын жарыялап, ТикТоктун жылдызына айланды. Жалпысынан ал жүктөгөн видеолор 6,5 миллион көрүүгө ээ болду. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кыска видеолордо ал ар кандай чыгармаларды, негизинен орус элдик ырларын аткарат. Анын чын ыкластан аткаруусу TikTok колдонуучуларынын кызыгуусун жаратты.  "Оренбургский пуховый платок" ыры эки күндүн ичинде 1,4 миллион жолу көрүлдү.


Альберт өмүр бою ырчы болууну көксөп келген.

Слесарьга TikTok тиркемесинен аккаунт ачууга досу жардам берген. Андан кийин ал ырдап, видеого тартылып, TikTok  тармагына жүктөп койгон. Мынчалык интернетке популярдуу болуп кетерин да  ойлогон эмес. Видеолорун интернетке жүктөгөндөн көп өтпөй Челябинскиде аны элдер тааный башташкан.  Аны дүкөндөрдүн сатуучулары, көчөдөгү жаштар жана ал тургай полиция кызматкерлери таанып, жакшы ой-пикирлерин айта башташкан.

Ал өзү иштеген дөңгөлөк чыгаруучу жерден TikTok тартууну каалаган эмес. Бирок, кесиптешинин сунушу менен кыска видео тартып коюуп, минтип интернет жылдызына айланып олтурат.

Жакында эле, Альберт Челябинск түнкү клубунун сахнасында, башкырлардын улуттук кечесинде талантын тартуулады. Кечеге ырчы башкы жылдыз катары чакырылган.

"Мен дөңгөлөк чыгарган цехте иштесем да, ар дайым сахна меники деп сезчүмүн. Ырдаганда адамдарга позитив тартуулайм, бул менин ичимде гармония жаратат", - дейт Альберт.

Социалдык тармактардагы ийгиликтерден кийин, жигит Биринчи каналдагы "Голос" долбоорунда өзүн сынап көргүсү келерин жазган.


Ссылка: https://barometr.kg/zhnkj-zhumushchudan-internet-zhyldyzyna-ajlangan-rossiyalyk-zhigittin-okuyasy



Добавить комментарий