ЖМК: Кенесары-хандын баш сөөгү табылды, Казакстанга кайтарылат
Казактардын акыркы ханы Кенесарынын (1802-1847) баш сөөгү Омск шаарындагы музейлердин биринен табылды. Генетикалык изилдөө жүргүзгөндөн кийин ал Казакстанга кайтарылат. Бул тууралуу Orda.kz булагына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
Аталган сайттын булактарынын айтымында, баш сөөктүн чыныгы экенин экспонаттын паспорту тастыктап турат: анда аталган экспонат качан, кандай жагдайда келгени, кимге таандык болгону, тышкы көрүнүшү жана көлөмү жазылат.
Генетикалык экспертиза жасалгандан кийин оң жыйынтык чыкса, бул тарыхый табылга тууралуу расмий жарыяланмакчы.
“Мындай чоң окуяны келерки жылы өткөрүлө турган Кенесарынын 2020-жылдын мааркесине карата маалымдашмакчы”,-деп белгилейт басылма.
Эскерте кетсек, Кенесары-хандын баш сөөгүн көптөгөн коомдук уюмдар ондогон жылдардан бери негизинен Санкт-Петербургдан издеп келишкен.Анткени революциядан кийин хандын кесилген баш сөөгүн бул шаарга алып кетишкен деген уламыштар болгон. Бирок Омскдан табылган экспонат эч качан аталган шаардан чыгарылган эместиги белгилүү болду.
Быйыл июль айында Россиянын президенти Владимир Путин Нурсултан Назарбаевге Кенесары хандын баш сөөгүн табышса Казакстандын элине кайтарып берүүгө жардам берерин айткан.
Ссылка: https://barometr.kg/zhmk-kenesary-handyn-bash-sg-tabyldy-kazakstanga-kajtarylat
Добавить комментарий ×