ЖКнын кызматкери тойканасын оорукана катары пайдаланууга берди (Видео)

2 июль 2020 14:06 1634 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кенештин иш башкармалыгынын бөлүм башчысы Базарбай Мусабеков тойканасын коронавируска каршы күрөшкө бошотуп берип жатат. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына жазган маалыматына таянып «Барометр» билдирет

Учурда пневмонияга чалдыгып ооруканада жаткан ЖКнын Иш башкармалыгынын бөлүм башчысы 300 адамга эсептелип салынган тойканасын калк үчүн госпиталь кылып берээрин айтты.

«Көп түкүрсө көл болот дегендей, ушул жолду жолдоп, апааттан аман эсен кыргыз элине кол кабыш кылып чогу чыгып кетели деп ушул жолго барып жатам», - деди Мусабеков.

Белгилей кетсек, буга чейин ал 30 орундуу мейманканасын да коронавирус менен күрөшүүгө берген.

Ссылка: https://barometr.kg/zhknyn-kyzmatkeri-tojkanasyn-oorukana-katary-pajdalanuuga-beret-video



Добавить комментарий