"Уулунун сөөгүн зарыгып күткөн эне". Кытайда каза болгон студенттин сөөгү өлкөгө алынып келинди

23 апрель 2021 09:26 2413 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кытайдын Шанхай шаарынан жол кырсыгына кабылып, каза болгон Бексултан Шадыкановдун сөөгү Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Эске сала кетсек, Бексултан каза болгон кырсык Кытайдын Шанхай шаарында 28-март күнү болгон.

22 жаштагы кыргызстандык Бексултан Шадыканов мотоцикл менен келе жатып, бакты сүзүп, ошол жерден каза болгон. Рулду Бексултан башкарып бара жаткан. Жанында дагы бир бала болгон. Ал Тажикстандын жараны. Ал оор абалда ооруканга жеткирилип, операция жасалган. Ал жандандырүү бөлүмүндө өзүнө келе албай жатканы кабарланган.

Маалым болгондой, Шанхайдан каза болгон мекендешибиздин сөөгү бүгүн, 23-апрелде эртең менен Кыргызстанга алынып келинди.

Каза болгонуна бир айга жакындап калганда гана маркум мекендешибиздин сөөгү Кыргызстанга алынып келинди.

"Маркумдун сөөгүн алып келүү жол-жобосу катуу карантиндик чектөөлөрдүн шартында, ошондой эле, эл аралык түз авиакаттамдардын жоктугунан улам кармалып калды", - деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

Буга чейин, маркум мекендешибиздин апасы "Барометрдин" журналисттерине 20 күнгө жакындап калса да баласынын сөөгү алынып келине элек экенин айтып, "жок дегенде сөөгү келип калса экен" деп зарыгып күтүп жатканын билдирген

“Биз баардык керектүү документтерди бердик. Ал жакта Кыргызстандын Кытайдагы консулдугунун кызматкерлери өздүрү иш алып барып жатышат. Соттук-медициналык экспертизалар бүтүп, териштирүү иштери аяктап калыптыр. Эми, сөөктү ушул жума ичи “жүк-200дү” жеткирүү кызматтары дайындайт экен. Анан, Кытайдан Россия аркылуу келери кабарланды”, - деген маркум мекендешибиздин апасы. 

Бексултан Шадыканов Жалал-Абад шаарында туулуп, өскөн. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусу болчу. Ал Бишкек Гуманитардык Университетинин кытай тили факультетинде эки жыл билим алып, эки жылын Кытайдан окуу үчүн кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/zhk-200-kytajda-kaza-bolgon-studenttin-sg-lkg-alynyp-kelindi



Добавить комментарий